Ош облусунда мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди
2 октябрь

Ош облусунда мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди

Оштогу Б. Сыдыков атындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин жыйындар залында бүгүн, 2-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган “Мугалим — коомдун сыймыгы жана күзгүсү” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, окуу жайдын жетекчилиги, облустагы мектеп директорлору, “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү, ошондой эле жалпы агартуучулар катышты.

Өкүлдүн орун басары облус жетекчисинин атынан сөз сүйлөп, билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан ардактуу кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал эми республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө өкүлчүлүктүн атынан ноутбуктар тапшырылып, мыкты мугалимдер ардак грамоталар менен сыйланды.

Салтанаттуу жыйын маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.