Тез жардам көйгөйү: бири автоунаа жетишпейт десе, бири күйүүчү май жоктугун айтат
23 апрель

Тез жардам көйгөйү: бири автоунаа жетишпейт десе, бири күйүүчү май жоктугун айтат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев Бишкектин жанындагы айылдарга: Маеквка, Пригородное, Төмөнкү Ала-Арчага тез жардам унаасы барбай турганын айтты.

«Аталган айылдын тургундары 103 номерине медициналык жардам сурап чалышканда, жооп иретинде Бишкек шаардык тез жардам станциясынан бош автоунаа жоктугун угушат жана алар Төмөнкү Ала-Арчага караштуу же жеке тез жардам кызматын чакырууну сунушташат. А Төмөнкү Ала-Арчада машина бузулуп калганын же күйүүчү май жоктугун айтышат экен», – деди депутат.

Ал мындай учурда тез арада медициналык жардам керек болгон адамдар эмне кылуу керек деген суроо узатты.

«Жеке тез жардам кызматы кошумча медициналык тейлөөлөрдү кошпогондо 2 миң сом турат. Аталган айылдарда 50 миңден ашуун жаран жашайт. Бир тез жардам унаасы ушунча калкты тейлей албайт. Бул айылдар шаарга карады, ал жактын тургундары шаардыктар болушту, демек, аларды шаардык тез жардам кызматы тейлөөгө тийиш», – деди Пархат Тулендыбаев.

Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинен ушул маселени чечип берүүнү суранды.