Алтынай Кубатбекова: Бала сүйлөбөсө, бул биз менен байланыша албайт дегенди билдирбейт
Биздин бүгүнкү тема – өзгөчө балдарга баарлашуу керекпи?
Ооба, башка адамдар сыяктуу эле, өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн баарлашуу маанилүү. Бирок өзгөчө өнүгүүсү бар балдардын (өзгөчө менталдык бузулууга учурагандардын) сүйлөөсүндө жана тилин өнүктүрүүдө көйгөйлөр көп болот. Балдардын баары эле сүйлөй бербейт, бирок бул алар баарлаша албайт дегенди билдирбейт. Балдар ар кандай жолдор менен баарлаша алышат, AAC - alternative and augmentative communication - альтернативдик жана кеңейтүүчү байланыш системасын билдирет.
Альтернативалык коммуникация системасы менен биз баланын сүйлөчү сөзүн толук алмаштырууга аракет кылып жатабыз, башкача айтканда, жаңдоо тилин, Лорма алфавитин үйрөтөбүз жана азыркы учурда баланын өзү билдире албаган муктаждыктарын жеткирүүгө жардам бере турган ар кандай программаларды телефон жана планшеттер аркылуу колдонууга болот.
Аугментативдик коммуникация системасы - баланын өз оюн, каалоосун жана муктаждыгын толук айта алгыдай кылып, анын сөзүн толуктоону билдирет. Булар көбүнчө кандайдыр бир маанини/сөздү камтыган чиймелерден турган пиктограммаларды камтыйт. Ошондой эле, байланыш түзүүнүн жөнөкөй жолу - баланын күнүмдүк жашоосунда колдонулган нерселерди, кадимки сүрөттөрдү пайдалануу менен да ишке ашырса болот. Мисалы, бала жеген тамак-аштын сүрөтүн чыгарып алып, балага көрсөтсө ал кайсы тамакты түшкү тамактанууда жегиси келээрин көрсөтөт.
Кандай ыкма менен болбосун бала менен баарлашуу маанилүү. Убакыттын өтүшү менен балдар өздөрүнүн эмоцияларын, каалоолорун жана муктаждыктарын билдирүүгө көбүрөөк умтула башташат. Ошол эле учурда, баланын менталдык денгээлин кармануу маанилүү, башкача айтканда, ал түшүнө же сүйлөшүүнү уланта ала турган темалардын негизинде сүйлөшүү керек. Менталдык бузулууга учураган балдар талкуулоо үчүн бир эле сүйүктүү темасы бар экенин унутпаңыз, андыктан мындай темаларды колдоо жана кеңейтүүгө аракет кылуу керек.
Эгерде бала сүйлөй албаса, бул ал биз менен сүйлөшө албайт дегенди билдирбейт.