ЖК: Бала бакчалардын 5-6 миң сомго иштеген кызматкерлери жана шаар тынчын алган мотоциклдер
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев Бишкекте түнкү убакта глушители жок автоунаалар жана мотоциклдер тургундардын тынчын алып жатканын билдирди.
«Түн кирери менен көчөдө ушундай унаалар көбөйөт. Бизде тынчтык тууралуу мыйзам бар, президент кол койгон. Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын инспекторлору буга көңүл бурушу керек», – деди депутат.
Ал эми депутат Эрнис Айдаралиев бала бакчалардын техникалык кызматкерлери айлык акынын аздыгына даттанып жатышканын билдирди. Айтымында, мындай кызматкерлер айына 5-6 миң сом гана алышат.
«Бүгүнкү бааларды эске алганда, бул акча эч нерсеге жетпейт», – деди ал.
