Оштун мэри жакында пайдаланууга берилген “Айданек” балдар бакчасынан кабар алды
14 январь

Оштун мэри жакында пайдаланууга берилген “Айданек” балдар бакчасынан кабар алды

Бүгүн, 14-январда Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгында “Айданек” балдар бакчасында түзүлгөн шарттар менен калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер таанышып чыгышты.

Мэриядан кабарлашкандай,  аталган имаратты өлкө башчысы Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта ишке берген.

Эки кабаттан турган 370 орундуу балдар бакчасы эскилиги жеткендиктен буга чейин оор шартта иштеп келген. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлдү. Ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары, беседкалар жана отургучтар орнотулду.

Мындан тышкары, балдар бакчанын айланасындагы мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жалпы 12 сотых жер кайрадан мекеменин карамагына кайтарылды.

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, декабрь айында ийгиликтүү аяктады. “Айданек” балдар бакчасында жалпысынан 670 бала трабияланат.

Бала бакчанын оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен каржыланды.