Депутат мугалимдерге өзүнчө ипотекалык кезек уюштурууну сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров өлкөдөгү мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 26 миң сом экенин айтты. Ал белгилегендей, ошол эле маалда Кыргызстанда орточо айлык акы 40 миң сомдун тегерегинде болууда.
«Финансы министрлиги 2025-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлбөй турганын айтты. Айлык акысы аздыгынан айрым мугалимдер жана врачтардын үй сатып алуу үчүн акча топтоого мүмкүнчүлүгү жок. А Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезек абдан узун. Алар мугалим жана врачтар үчүн өзүнчө кезек жүргүзүүнү суранып жатат», – деди депутат.
Ошондой эле депутат буга чейин мугалимдерди ашыкча кагаз түйшүгүнөн арылтуу маселеси көтөрүлгөнүн эске салып, ушундай эле түйшүк медицина кызматкерлеринде да бардыгын билдирди.
«Медиктерди да кагаз толтуруунун ашыкча түйшүгүнөн куткаруу керек», – деди ал.
