Ошто кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу маселелери талкууланды
Ушул жылдын 1-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биргелешип уюштурган «Иш берүүчү – кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү» аттуу тегерек стол өттү.
Иш-чаранын негизги максаты кесиптик билим берүү системасы менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун талкуулоо жана жаш адистерди жумушка орноштуруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.
Тегерек столго мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, жеке сектордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн алдындагы регионалдык инвестициялык кеңештердин координатору, Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин жетекчилери жана Швейцария Өкмөтүнүн “Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов сөз сүйлөдү.
Ал азыркы учурда республика боюнча башталгыч кесиптик билим берүү системасына 93 окуу жай кирерин, 2025-2026-окуу жылында алардын контингенти 28 миңге жакын окуучуну түзгөнүн, алар 120дан ашуун адистик боюнча билим алып жатышканын, ошондой эле дуалдык билим берүү системасы кеңири киргизилип, квалификациялык экзамендер иш берүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлүп жатканын, бул бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда ийгиликтүү орун алышына өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Тегерек столдо төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар сунушталды:
• жаштардын эмгек рыногундагы абалы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары;
• жаштар үчүн пилоттук стажировка программаларынын анализи;
• WorldSkills Kyrgyzstan аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтуу иштери;
• эл аралык кызматташтык жана кесиптик көндүмдөрдү баалоо механизмдери.
Ошондой эле, кесиптик билим берүү мекемелери менен ийгиликтүү кызматташып келе жаткан «Жаңы Араван Текстиль» ЖЧК, «Арсенал» МТБ» ЖЧК, «Барс Групп» ЖЧК сыяктуу ишканалардын жетекчилери өз тажрыйбаларын бөлүштү.
Иш-чаранын катышуучулары иш берүүчүлөрдү билим берүү программаларын жана кесиптик стандарттарды түзүү процессине активдүү тартуу зарылдыгын белгилешти. Бул кадам бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөр менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүү тармагындагы реформалардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот.
