Камила Талиева БатМУнун ири өлчөмдөгү каражатын кымырып алган ректору иштен алынбаганына нааразы болду
23 апрель

Камила Талиева БатМУнун ири өлчөмдөгү каражатын кымырып алган ректору иштен алынбаганына нааразы болду

Баткен мамлекеттик университетинин каражатын кымырып алган ректор ушул убакка чейин ээлеген кызматынан бошотулган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Ал белгилегендей, БатМУнун жетекчилиги студенттер тарабынан контракт иретинде төлөгөн 15 миллион сомго чукул акчаны кымырып алышкан.

«Андан сырткары 2 миллионго жакын акчаны чартаңбай тепкенге – иш сапарларына которушкан. Кимдер иш сапарына чыгышат? Ректор, жетекчилик. Ошентип, жалпысынан 18 миллион сомду жөн жай коротушкан, аны Финансы министрлигинин ички аудити эле таап чыкты. Бул ички оокат. Эгерде көз карандысыз аудиттер текшерсе, мындан да көп чыгышы мүмкүн. Баткендиктер, биз абдан опурталдуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Ошондой оор күндөрдөн өткөн эл тишинин кирин соруп, балдарынын контрагын төлөп жатса, ал такыр башка багытка колдонулууда. Ага жетекчиликтин кандай акысы бар? 18 миллион турмак, 18 сом «жегенге» акысы жок!» – деди Талиева.

Депутат белгилегендей, ушунча акчаны кымырууга жетишкен ректор дагы деле иштеп жатат.

«Ири өлчөмдөгү каражатты ыйгарып алуу деген беренеге туш келген адам кызматтан алынышы керек. Эмнеге буга жаза каралбайт?» – деп белгиледи ал.