Жалал-Абадда өзгөчө жеткинчектер үчүн бала бакча ачылды 
5 декабрь

Жалал-Абадда өзгөчө жеткинчектер үчүн бала бакча ачылды 

Жалал-Абад шаарында өзгөчө жеткинчектер үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Альфа кидс” деп аталган инклюзивдүү нейрокоррекциялык бала бакчанын ишмердүүлүгү менен Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жеринде таанышты.

Аталган бала бакчада майыптыгы бар балдар тарбияланат. Бул жердин тарбиялануучулары комплекстүү нейрокоррекциялык ыкмаларды, аба терапиясын, арт-терапиясын, логопед-дефектологдун жардамын алып, сенсордук машыгуулардан өткөрүлүп турат.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча алгачкы ирет ачылды.

“Альфа кидс” бала бакчасы шаардагы үй тибиндеги жеке менчик бала бакчалардын бири.