1-класска электрондук каттоо. Бишкектеги кайсы мектептерде орун толду
www
2 июнь

1-класска электрондук каттоо. Бишкектеги кайсы мектептерде орун толду

Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүлира Молдоисаева 1-класска балдарды электрондук каттоонун 2-этабы 1-июндан башталганын билдирди жана аны менен катар бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги кайсы мектептерде орун толгонун айтты. 

Айтымында, биринчилерден болуп орус тилдүү мектептерде жана аралаш мектептердин орус тилдүү класстарында орун толгон. 

“1-апрелде 1-этап жаңы ачылганда Бишкекте ата-энелер тарабынан активдүү каттоолор болду: 10 миңдей бала катталды. Андан соң бир топко тынчтык орун алды, ал эми майдын акыркы күнүндө активдүүлүк дагы жогорулап, 6 миң бала катталды. Ошону менен 16 миңден ашуун бала каттоодон өттү”, - деди ал. 

Молдоисаева белгилегендей, Бишкектеги мектептерде 1-класс үчүн 26 513 орун берилген. Анын 16700ү толуп, учурда он миңге жакын орун бар. 

“Борбордогу 3 мектепте биринчи этапта эле орун калбай калган, алардын ичинде №61 менен №70 мектеп бар. Андан сырткары бүгүнкү күнгө карата №9, №13, №95, №104, №117, №31, №102, №68, №20, №103, №62, № 63, №24, №12, №33, №23 мектептерде орун кечээ жабылды. Дагы 15 мектептин орус тилдүү класстарынын квотасы толду. А кыргыз класстарында орундар бар”, - деди.