1-класска электрондук каттоо. 6 жаштагы баланы быйыл мектепке бербей коюуга болобу
www
2 июнь

1-класска электрондук каттоо. 6 жаштагы баланы быйыл мектепке бербей коюуга болобу

Бишкекте баланы мектепке каттоонун 2-этабы башталды.

Агартуу министрлигинин Санариптик трансформация бөлүмүнүн адиси Акылай Толубаеванын айтымында, 2026-27-окуу жылына 1-класска 2019-жылдын январь-декабрь айларында жана 2020-жылдын январь-декабрь айында төрөлгөн балдар кабыл алынат. 

Ал белгилегендей, мектепке электрондук каттоону бир нече жол менен жүргүзүүгө болот: расмий сайт - 1mektep.edu.gov.kg, тиркемелер -  “Түндүк”, Мбанк, Обанк. Ошондой эле электрондук каттоо боюнча 110 кыска номери аркылуу маалымат алууга болот. 

“Өлкө боюнча мектептерде 192 миң 246 окуучулук орун берилген. Учурда 87 миң бала катталды. Дагы 104 миңдей бош орун бар. Биздин алдын ала эсеп боюнча, быйыл мектепке 164 миңдей бала барышы керек болчу, ошондуктан квотаны көбөйтүп, 192 миң деп бердик. Анткени былтыр ар кандай себептер менен мектепке бара албай калган балдар болот, аларга да орун каралган”, - деди ал. 

Белгилей кетсек, 1-класска каттоонун биринчи этабы 1-апрелден 1-июнга чейин жүргүзүлгөн. Мында ата-энелер балдарын жашаган микротилкелерине байланган мектептерге катташкан. Эми 2-этапта микротилкелерге карабаган, бирок бош орун бар мектептерге каттоо жүргүзүлөт. 

Ошондой эле Акылай Толубаеванын айтымында, баласы 6 жашка толгон, бирок аны быйыл мектепке берүүнү каалабаган же шарты жок ата-энелер баланы кийинки жылга калтыра алат. Бул ата-эненин өзүнүн чечими жана каалоосу.