Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү жаңы имараттуу болду
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү жаңы имараттуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын жаңы имаратына баш бакты.
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты мурда акимчиликке караган ашкана болгон, кийин мамлекетке өткөрүлүп берилген.
“1990-жылдан бери жаңы имаратка жетпей жүргөнбүз, эч кандай шарттары жок имаратта отуруп келгенбиз. Эми жаңы имаратка билим берүү бөлүмүнүн, усулкананын жана эсепкананын кызматкерлери (жалпы 40 адам) жайгашат. Имарат азыр реконструкцияга берилди. Жаңы имаратка жаңы окуу жылынын башында көчүп киребиз деген ойдобуз”, – дейт Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Сүйүнбай Исаков.
