Бишкектеги № 93 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды
УКМК Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 55А дарегинде жайгашкан 0,32 га жер тилкесиндеги жалпы аянты 872,8 чарчы метрди түзгөн №93 бала бакчанын имаратын чет өлкөлүк уюмдун жеке менчигине мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысын аныктады.
Алсак, 1995-жылы №93 бала бакчанын имараты жана аймагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу аркылуу мамлекеттик менчик статусун сактоо менен чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилгени аныкталган. Андан ары 1999-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бала бакчанын имаратын дипломатиялык статусу жок чет өлкөлүк уюмга сатууга макулдук берген.
Сот органдарында козголгон доо арыздын натыйжасында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 18-декабрындагы чечими жана 2025-жылдын 19-мартындагы Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен №93 бала бакчаны сатып алуу-сатуу келишими жараксыз деп табылды. Ошентип, №93 бала бакча мамлекеттик менчикке кайтарылды.
