Бишкектеги көрүүсү начар балдардын мектеби Воронцовкага көчүрүлөт: ата-энелер нааразы
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда көрбөгөн жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген эки гана мектеби бар экенин билдирди.
Айтымында, мектептердин бири Бишкек шаарында, экинчиси Ошто жайгашкан.
“Бишкектеги мектепти Воронцовкага көчүргөнү жатышат. Бул мектепте учурда 220 бала билим алат: 120сы аймактардан келген, 100ү бишкектиктер. Бул балдарга мектепге баруу жолду атайын таякча менен жылдап үйрөтүшкөн. Эми Воронцовкага көчүрүлсө, балдар көнүп калган каттам өзгөрөт, алыс болот, ыңгайсыздык, кошумча түйшүк жаралат. Көчүрүп, ызылдатпай эле, ордунда тынч калтырып коюңуздар, сураныч”, – деди депутат.
