Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасынын IV этабы башталды
11 апрель

Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасынын IV этабы башталды

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы башталды, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. 

Билим жарышы 11-12-апрелде Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде өтөт.

Ачылыш аземи бүгүн, 11-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинде болуп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, окуучуларга ийгилик каалады.

Олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү максатында жыл сайын өткөрүлөт.

Олимпиаданы ачык-айкын, адилеттүү өткөрүү максатында жүрүшү түз эфирде көрсөтүлүүдө: https://www.youtube.com/cha.../UCCVRqVC-Fkxz8TWBnoQjprQ/live

Республикалык олимпиадага буга чейинки III (облустук) этапта жеңишке жеткен 348 окуучу 12 предмет боюнча катышууда.