Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин бет ачары өттү
Бишкекте А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 27-май – Китепканалар күнүнө карата Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин бет ачары өттү.
Салтанаттуу иш-чарага КРнын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат комитетинин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ошондой эле акын-жазуучулар, окумуштуулар, маданият өкүлдөрү жана китеп сүйүүчүлөр катышты.
Иш-чаранын расмий бөлүгүн маданият министри Мирбек Мамбеталиев ачып, китепканачылардын кесиптик күнү менен куттуктап, сөздү президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге узатты.
Ал президент Садыр Жапаровдун саламын жана куттуктоо катын тааныштырып, Улуттук китепкананын жетекчилигине тапшырды.
Мындан тышкары, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов да куттуктоо сөзүн сүйлөп, китепкана тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Китеп майрамы концерттик программа менен коштолуп, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору, “Ак Шоола” театрлаштырылган элдик үлгүлүү балдар хору өз өнөрлөрүн тартуулады.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин катарында 1958–1960–жылдары профессор Б.М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы менен жарык көргөн улуттун улуу мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, ошондой эле кыргыз адабиятынын баштоочуларынын эмгектери, классик акын-жазуучулардын көркөм чыгармалары бар.
