Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп салынат
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Колот айылында заманбап үлгүдөгү 150 орундуу жаңы мектеп курулат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 119 миллион сомду түзөт.
Долбоорго ылайык мектеп үч блоктон турат. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 1085 чарчы метр.
Мындан тышкары, волейбол, баскетбол жана футбол ойноо үчүн ачык спорт аянтчалары курулат.
Курулуш иштеринин жүрүшү жана аткарылган иштердин сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
