Догдуркүл Кендирбаева: Айлыгымды арак менен алган учурлар болду
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын билим берүү системасында келатканына 40 жыл болду жана ал 3 доордо мугалим болуп иштеген. Подкасттардын бирине берген маегинде министр өткөн убак менен азыркы убактагы мугалимдердин акыбалын салыштырды:
– Бүгүнкү билим берүү системасы өтө прогрессивдүү. 1987-жылы мектепке орношуп, төрт жыл жакшы доордо иштеп калдык. Көмүр, электр энергиясы мектептер үчүн бекер, ремонт жасатууга мүмкүнчүлүк бар, айлык акылар убагында берилет. Бирок бүт баары пландалгандыктан, чыгармачылык ой жүгүртүүгө муктаждык жок эле.
Окуучуларды күзүндө эки айга картошка жыйноого, жазында мал төлдөгөн маалда сакманга алып барабыз. Балдарды көп учурда пландык-командалык экономикага даярдачубуз.
Кийинки орто мезгилде – 90-жылдарда – өтө оор депрессияда калдык. Азыркы жаш мугалимдер аны билбейт. Эсимде, айлыгыбызды арак, көгөрүп кеткен ун менен алган учурлар болгон. Аракты мен да алдым, алмак турсун бөлүштүргөм. Мугалимдин айлыгына жараша аз же көп бөтөлкө берилчү. Анын баарын класска тизип, анын бөлүштүрүп алчубуз.
Борду кадимкидей катып колдончу элек. Азыркыдай жакшы бор да эмес, таштай катуу. Өлкө энергетика кризисине кабылып, мектептердеги бүт электр жылыткычтарын кесип салганбыз. Көмүргө өттүк. Терезе сынса биз үчүн чоң трагедия болчу. Кайра салганга айнек жок, ордуна кленка каптайбыз. Кышында шамал кирбесин деп эски шейшептерди алып келип, жапкан да учурлар болду.
Министр болуп өткөн кыйынчылыкка карабай, өлкөнүн билим берүү системасы өзүн жоготпогонун, бүгүнкү күндө калктын 98 пайызы сабаттуу экенин, бул эң чоң ийгилик экенин кошумчалады.
– Калган 2 пайызды башкаруу мүмкүн, учурда аны жоюунун үстүндө иштеп жатабыз. 2 пайыз ким? Алар ден соолугуна байланыштуу билим алуу мүмкүн болбогондор жана ар кандай шарттан улам окуу процессинен түшүп калып, жашы өтүп кеткен жарандар. Бирок азыр санариптик билим берүүнүн негизинде алардын сабатын жоюу аракети жүрүп жатат.
