Бишкектин четиндеги Достук айылына биринчи жолу мектеп курулуп жатат
Бишкектин четиндеги 2559 тургуну бар Достук айылына президенттин тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан жаңы мектеп курулууда. Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланат.
Башкы план боюнча 5 блоктон турган 3 кабатуу заманбап үлгүдө мектеп салынат. Алсак, окуу класстар, эмгек кабинеттер, компьютердик класс, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана бардык шарттары менен спорт зал каралат.
Белгилей кетсек, бул жер мурун кичи суу сактагыч болгондуктан курулуш иштери катаал шартта башталган. Жер казууда бир катар көйгөй жаралып, 3 метр тереңдикте 10884 м³ шагыл төгүлүп, 9 катар жер тапталган. Бул ыкма имараттын жумшак жер кыртышында чөгүп кетпеш үчүн жана коопсуздугун камдыздайт.
Мектептин курулушу бүткөрүлсө 1000деген окуучулардын билим алуусуна шарт түзүлөт. Учурда айылдын окуучулары №54 мектепке барып билим алышууда.
