АЭУда жаңы ректор дайындалды
«Ала-Тоо» Эл аралык университетинде (АЭУ) кадрдык өзгөрүүлөр болуп, ректорлук кызматка Эсеналиева Назира Солтонбековна дайындалды.
Эсеналиева Назира Солтонбековна экономика илимдеринин кандидаты, АЭУда 2014-жылдан бери профессор катары эмгектенип келет. Ал 2018-2023-жылдар аралыгында АЭУнун илим департаментинин директору болгон. Билим берүү, илим жана башкаруу тармагында кеңири тажрыйбага ээ. Академиялык ишмердүүлүгүнөн тышкары, эл аралык билим берүү жана социалдык долбоорлорго активдүү катышып келген. UN Women Kyrgyzstan уюмунун улуттук кеңешчиси, ошондой эле ЕС, USAID жана HELVETAS Swiss Intercooperation Kyrgyzstan программаларында иштеген
Буга чейин ректорлук кызматты Жакшылыков Жылдызбек Жакшылыкович аркалап, университеттин өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.
