Караколдо 7-класстын окуучусу классташтарын сабаган
1 октябрь

Караколдо 7-класстын окуучусу классташтарын сабаган

Караколдогу мектептердин биринде 7-класстын окуучусу эки классташын сабап салган. Окуяны видеого тартып алышкан. 

Шаардык милициядан окуяны тастыкташты. 

Милициянын билдирүүсүнө караганда, жабыркаган окуучу кыздын биринин апасы 28-сентябрда милицияга арыз менен кайрылган. 

Арыз ээсинин айтуусунда, 24-сентябрда тыныгуу маалында анын 2012-жылы туулган небересин жана анын курбу кызын классташы сабаган. жыынтыгында эки окуучу кыз тең денелеринен жарааттарды алышкан. 

Аталган факт каттоого алынып, учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, видеодо кыздарды сабап жаткан баланын майыптуулугу бар, ал учурда үйдөн окууга которулган.