Ысык-Көлдөгү Коңур-Өлөң айылында 50 орундуу бала бакча ачылды
19 июнь

Ысык-Көлдөгү Коңур-Өлөң айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында бүгүн, 19-июнда жаңы 50 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова катышып, жергиликтүү тургундарды жана тарбиячылар жамаатын жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы менен куттуктады.

Жаңы курулган бала бакча заманбап шарттарга жооп берип, 54 баланы кабыл алууга даяр.

Бала бакча ушул жылдын 20-июнунан тарта иштеп баштайт.