Ваучердик каржылоо жана "Балалык" маалыматтык системасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүдү
30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик негизде каржылоо механизмин ишке ашыруу алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан жеке менчик бала бакчаларга баруу иш-чарасы уюштурулду.
Министрликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана социалдык маселелер боюнча комиссиянын өкүлдөрү Ак-Жол, “Билим берүү комплекси Эврика” жана “Бүчүр” жеке менчик бала бакчаларынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, ваучердик уюм катары жүргүзүлүп жаткан иштерге баа беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
- ваучердик балдарды кабыл алуу тартиби;
- “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо жана маалымат киргизүү процесси;
- ваучердик каржылоонун жол-жоболору;
- ата-энелер менен келишим түзүү тартиби ж.б. маселелер боюнча маалымат берилди.
Мындай жолугушуулар бала бакча жетекчилери үчүн гана эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер үчүн да маанилүү болуп, жаңы механизмди так түшүнүүгө жана туура колдонууга көмөк көрсөтөт.
