Каныбек Туманбаев: 2026-жылдан мектеп программасынын алкагында айдоочулук курстан өтө ала тургандыгын маалымдады
5 ноябрь

Каныбек Туманбаев: 2026-жылдан мектеп программасынын алкагында айдоочулук курстан өтө ала тургандыгын маалымдады

Кыргызстандагы бардык жеке менчик автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, бул кызматкерлерди кыскартууга же эмгек акыны өзгөртүүгө алып келбейт. Жеке менчик билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери жумуш орундарын жана эмгек акыларын сактап калышат.

"Бардык жеке менчик автомектептер мурдагыдай эле иштей берет. Бир гана айырмасы, алар мамлекеттик болуп калат. Бардык эмгек акы жана башка учурлар сакталып калат", – деп белгиледи Туманбаев.

Ал кошумчалагандай, кайра түзүүлөрдүн негизги максаты билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу болуп саналат. Бул үчүн бардык процесстерди санариптештирүү ишке ашырылат.

Реформа билим берүү стандарттарын бир түргө келтирүүгө, билим берүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө жана жарандардын билим берүү кызматтарына бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Анын айтымында, айдоочуларды даярдоо программасы 14 айга созулганына карабастан, окутуунун баасы азыркыдай эле болот.

“Бардык автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин, теориялык жана практикалык окутуу программалары өзгөрөт. Бирок чоңдор үчүн курстардын баасы азыркыдай эле бойдон калат. Биз окутуунун сапатына көзөмөлдү күчөтөбүз”, – деп айтты Туманбаев.

Ал белгилегендей, реформанын негизги максаты келечектеги айдоочуларды окутуунун сапатын жакшыртуу жана өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын азайтуу болуп саналат.

Ошондой эле Туманбаев 2026-жылдан баштап жогорку класстын окуучулары мектеп программасынын алкагында айдоочулук курстан өтө ала тургандыгын маалымдады.

"16 жаштан баштап 11-класстын окуучулары мектепте айдоонун негиздерин үйрөнө алышат, ошондо алар жашы жеткенде айдоочулук күбөлүк алууга даяр болушат", – деп кошумчалады ал.