ИИМдин жетектөөчү курамы борбор калаадагы мектептерге жооптуу болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратынын жетекчи курамы Бишкек шаарындагы мектептерде укук бузууларды жана коопсуздукту камсыздоону көзөмөлдөгө жооптуу болуп дайындалышты.
Региондордогу аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери өздөрүнүн административдик аймактарынын мектептериндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча жоопту болушат жана бул жаатта иш алып барып, тапшырмаларды аткарышат.
Бул иш-чара милиция менен мектеп администрациясынын кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө мүмкүндүк берет, бул жалпы республика боюнча көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Кызматташтыктын мындай форматы жашы жете электердин арасында укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө гана эмес, ошондой эле балдар өздөрүнүн коопсуздугун сезе билип, окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
