Тилек Исабеков Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды
22 апрель

Тилек Исабеков Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды

Тилек Исабеков Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы дайындалган ректорду жалпы жамаатына тааныштырды.

Т. Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Гидротехникалык курулуш жана суу чарба кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.