Талас районундагы Чат-Базар айылында жаңы бала бакча курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин кыдырды.
Министр Талас районуна караштуу Чоң-Алыш айыл аймагынын Чат-Базар айылындагы жаңы курулуп жаткан 50 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бала бакчанын курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы иштерди үзгүлтүккө учуратпай, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү боюнча жооптуу тараптарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан бала бакчанын эскилиги жетип, айыл тургундары жаңы бал бакчага муктаж боло баштаган.
