Илим жана жогорку билим берүү министрлигинде министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды
17 февраль

Илим жана жогорку билим берүү министрлигинде министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинде министрдин жаңы орун басарларын ведомствонун жамаатына тааныштыруу өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык:

• Мамырова Гульнура Джекшенбаевна министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды;
• Козуев Дурус Исакбаевич министрдин орун басары болуп дайындалды.

Жетекчилерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рысбекова тааныштырды.

Таааныштырууда жаңы дайындалган жетекчилерди кызматына кириши менен куттуктап, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалап, илим, жогорку билим берүү, инновациялык өнүгүү жана интеллектуалдык менчик тармактарында мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.