Бишкек: Ак-Ордо конушунда дагы бир 750 орундуу мектеп курулууда
24 октябрь

Бишкек: Ак-Ордо конушунда дагы бир 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 орундуу дагы бир чоң мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 343 миллион сомду түзөт.

Жалпы аянты 6416 чарчы метр болгон мектеп 4 блоктон турат. Заманбап талаптарга жооп берген 3 кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана спорт залы каралат. Мындан тышкары окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, техникалык жабдуулар менен камсыздалат.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта мектептин пайдубалы куюлуп бүттү.