Бахрия университетине кыргызстандык студенттерди 2025-жылдын күзгү семестрине кабыл алуу башталды
22 апрель

Бахрия университетине кыргызстандык студенттерди 2025-жылдын күзгү семестрине кабыл алуу башталды

Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги 2025-жылдын күзгү семестринде Бахрия университетине окууга чет өлкөлүк студенттерден арыздарды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

Бахрия университети — бул көп тармактуу мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп, бакалавриат жана магистратура деңгээлинде төмөнкү багыттар боюнча билим берет: компьютердик илимдер, укук, психология, медицина, стоматология жана башка адистиктер.

Чет элдик студенттер үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:

  • арыз тапшыруу акысыз;
  • окуу акысы жергиликтүү студенттердики менен бирдей;
  • кабыл алуу талаптары да жергиликтүү студенттер менен бирдей;
  • документтерди тапшыруу толугу менен онлайн жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек: Бул мүмкүнчүлүктөр медицина жана стоматология багытындагы программаларга тиешелүү эмес.

Арыздарды тапшыруу мөөнөтү — 2025-жылдын 31-июлуна чейин. Арыздарды университеттин бардык кампустарына (Исламабад, Лахор, Карачи жана Кесиптик психология институту) онлайн режимде берүү керек.

Кошумча маалымат жана онлайн тапшыруу шилтемеси: https://bahria.edu.pk/isa