Министр Мамбеталиев Австрия менен маданият жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташууну талкуулады
13 январь

Министр Мамбеталиев Австрия менен маданият жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Зепп Шеллхорн жана Австрия Республикасынын Маданият министрлигинин Европа жана эл аралык маданий саясат департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасы 1992-жылдын 25-мартынан тартып өнөктөш өлкөлөр болуп саналарын белгилешти. Экономика жана технология тармактарындагы кызматташтык кеңейип жаткандыгына карабастан, маданий-гуманитардык байланыштар эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Ошондой эле 2024-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Австрия Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.

Министр австриялык тарапты министрлик тарабынан кураторлук кылынган негизги багыттар – маданият, билим берүү, маалымат саясаты, жаштар саясаты жана кинематография тууралуу маалымдады. Ал маданиятты колдоо жана жаштардын потенциалын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттары экенин баса белгиледи.

Жолугушууда жаштар саясатына өзгөчө көңүл бурулду. Белгиленгендей, Кыргызстандын калкынын үчтөн биринен көбүн жаштар түзөт. Ушуга байланыштуу Кыргызстан жаштардын катышуусун колдоо, ыктыярчылыкты өнүктүрүү жана формалдуу эмес билим берүү жаатында Австриянын тажрыйбасын изилдөөгө жана колдонууга, ошондой эле эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар.

Тараптар практикалык кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде биргелешкен маданий жана жаштар долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле министрлик кураторлук кылган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуу тууралуу документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун алкагында министр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана жайылтуу боюнча эл аралык маанисин белгилеп, австриялык делегацияны 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Ошондой эле Вена шаарында өткөрүлүп жаткан «Түрк жумалыгын» уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн австриялык тарапка ыраазычылык билдирилди. Жолугушуунун соңунда тараптар маданий-гуманитардык диалогду мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырастап, белектер менен алмашышты.