Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп жана бала бакча салынууда
19 июнь

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп жана бала бакча салынууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп жана бала бакча салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Жалпы аянты 6416 чарчы метрге барабар 750 орунга ылайыкталган, 3 кабаттуу 4 блоктон турган бул мектеп заманбап талаптарга жооп берет жана окуучулар, мугалимдер үчүн бардык шарттар толук каралган.

Мындан тышкары, эки кабаттуу, эки блоктон турган 280 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Имараттын жалпы аянты 1816 чарчы метрди түзөт.

Учурда социалдык объектилердеги курулуш иштеринин 40 пайызы аяктап калды.