Жалал-Абад шаарынын эки окуучусу эл аралык олимпиадада I-орунду ээлешти
22 апрель

Жалал-Абад шаарынын эки окуучусу эл аралык олимпиадада I-орунду ээлешти

Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин атындагы жалпы билим берүү мектебинин 6-классынын окуучулары Альбина Самаганова жана Айлин Есеналиева 2025-жылдын 25-мартында Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадада математика сабагынан I-орунду багындырышты.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев: «Бул жеңиш – окуучуларыбыздын үзүрлүү эмгегинин, мугалимдердин талыкпаган мээнетинин жана билимге умтулган жаш муундун өжөрлүгүнүн жемиши», – деп белгиледи.

Окуучуларды жана алардын ата-энелерин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадага сегиз мамлекеттен 3000ден ашуун окуучу катышкан.