Бакыт Төрөбаев Ош мамлекеттик университетинин айыл чарба колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 24-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен болуп, акыркы үч жыл ичинде окуу жайга келген жаңы техникалар жана окуу жабдуулары менен таанышып чыкты.
Азыркы учурда колледжде агрономия, ветеринария, айыл чарбасын механизациялаштыруу, айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу адистиктери боюнча эл чарбасына керектүү адистер даярдалууда.
Бүгүнкү күнгө чейин бул окуу жайды 25 миңге жакын адис аяктап, өлкөнүн ар кыл тармактарында эмгектенип келишет. Башкача айтканда, колледждин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айрыкча илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонуу аркылуу өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана жогорку продукциялуу мал чарбасын жайылтууга зор салым кошуп келишет.
Бакыт Төрөбаев студенттер билим алган кабинеттерди кыдырып, сабактарга катышты. Окутуучулар жана студенттер менен баарлашуу учурунда ал окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрү студенттерге гана эмес, дыйкан-фермерлерге да билим берүү үчүн кеңири шарт түзөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда Министрлер Кабинетинин колдоосу менен колледжге алып келинген заманбап техникалар көрсөтүлдү. Министр жаңы жабдуулар билим берүү процессин заман талабына ылайык өркүндөтүп, студенттердин практикалык көндүмдөрүн чыңдоого жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө олуттуу өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
