Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды
22 апрель

Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды

Талас областынын Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.    

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.