Оштогу Ж. Мамытов атындагы мектепке 300 орундуу заманбап кошумча корпус курулат
1 март

Оштогу Ж. Мамытов атындагы мектепке 300 орундуу заманбап кошумча корпус курулат

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагына караштуу Ж. Мамытов атындагы орто мектебине 300 орундуу кошумча корпустун курулушуна расмий түрдө мезгил кутусу салынды.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри жаңы окуу имаратынын пайдубалын түптөө — бул балдарыбыздын билимине, келечегине салынган маанилүү инвестиция экенин белгиледи.

Ошондой эле быйыл өлкө башчысынын демилгеси менен республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарында 10 мектеп, шаардык бюджеттен 3 мектеп, бала бакчалар жана социалдык багыттагы объектилер менен жалпысынан 15 объект курулары маалымдалды. Мындан сырткары, жеке мектептерди курууга ниеттенген ишкерлерге бардык шарттар түзүлүп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү айтылды. Бул аракеттер шаардагы мектеп орундарындагы тартыштыкты жоюуга багытталган.

Белгилей кетсек, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, ушул жылдын ноябрь айында толук аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.