Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасынан 2 алтын, 2 коло медаль менен кайтып келди 
1 октябрь

Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасынан 2 алтын, 2 коло медаль менен кайтып келди 

Италиянын Удине шаарында 2025-жылдын 25-сентябрынан 1-октябрына чейин өткөн XXXII Балкан информатика олимпиадасы (BOI 2025) өттУ.

Ага 16 өлкөдөн (Албания, Босния жана Герцеговина, Болгария, Кипр, Греция, Италия, Молдова, Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Словения, Түркия, Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Швейцария, Украина) жетимиштен ашуун окуучу катышты.

Кыргызстандын намысын коргогон команда тарыхый ийгилик жаратып, 2 алтын жана 2 коло медаль жеңип алды.

Жыйынтык төмөнкүдөй болду:

  • Алтын медаль – Алихан Айдарбеков (Сейтек STEM мектеби, 12-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
  • Алтын медаль – Ян Бобрус (Газпром Кыргызстан мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Медербек Осмонов
  • Коло медаль – Нурислам Карыпжанов (Ч. Айтматов Сапат лицейи, 11-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
  • Коло медаль – Рамазан Мананов (Сейтек STEM мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов

Натыйжада Кыргызстандын командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Румыния (2 алтын, 2 күмүш) алды.

Мындан тышкары, Алихан Айдарбеков жеке жыйынтыкта олимпиаданын эң күчтүү үчтүгүнө кирди.

Бул натыйжа – Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүч. Кыргызстандын командасы 2023-жылы бир гана коло медаль алган. Бул ийгилик Кыргызстандын билим берүүсүнүн, айрыкча STEM багыттарындагы жогорку деңгээлин далилдеп, жаштардын дүйнөлүк деңгээлде ийгиликтерге жетише аларын көрсөттү.