Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат
7 март

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат, деп билдирет КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. 

Тиешелүү макулдашууга эки өлкөнүн билим берүү министрлери Догдуркүл Кендирбаева жана Нгуен Ким Шон кол коюшту. 

Документте студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы каралган.

Келишимди ишке ашыруу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдейт, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатат жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Белгилей кетсек, документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын 6-7-мартындагы Вьетнамга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлду.