Ноокат районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Жалал-Абад облусунун Ноокат районуна караштуу Бирдик айылындагы жаңы мектептин курулушу 95%га аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 275 окуучуга ылайыкталган мектептин жалпы аянты 1605 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери 2022-жылы башталган. Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, акыркы үч жылда республика боюнча курулуп жаткан мектеп жана бала бакчалардын саны өсүүдө.
