Жалал-Абад: С.Мирзалиев мектеби жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Курулуш айылындагы жалпы наркы 141 миллион сомду түзгөн С.Мирзалиев атындагы мектептин курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
225 орунга ылайыкташтырылган билим уясы эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат.
Жаңы мектептин ишке берилиши Чаткал районундагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, окуучуларга заманбап шарттарда билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
