Венгриядагы Балаши стипендиялык программаларына каттоо ачылды
10 апрель

Венгриядагы Балаши стипендиялык программаларына каттоо ачылды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган Балаши стипендиялык программасына 2025–2026-окуу жылына карата өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын маалымдайт.

Бул программа Мартон Арон атындагы стипендия менен биргеликте ишке ашырылат.

Негизги программанын узактыгы: 10 ай (2 семестр). Катышуучуларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет:

  • акысыз окуу;
  • жатаканада жашоо;
  • ай сайын 45 000 венгр форинти өлчөмүндө стипендия;
  • базалык медициналык камсыздандыруу.

Программа тууралуу толук маалымат расмий веб-сайтта жеткиликтүү: https://balassieducation.hu

Ошондой эле, чет элдик жарандар "Балаши жайкы университети" программасына катышып, венгер тилин, тарыхын жана маданиятын кыска мөөнөттүү курстар аркылуу үйрөнө алышат.

Узактыгы: 4 жума.

Толук маалымат: https://balassieducation.hu/en/call-for-applications/call-for-applications-balassi-summer-university-2025/