Ош: Отуз-Адыр айылына жаңы бала бакча курулду
13 январь

Ош: Отуз-Адыр айылына жаңы бала бакча курулду

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жаңы бала бакча салынды. Курулушуна мамлекеттик казынадан 53 миллион сом бөлүнгөн.

Имараттын жалпы аянты 1078 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат, курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылган.

Балдар үчүн уктоо, тарбиялык саат өтүү, ашкана жана дарыгердин бөлмөсү каралган.

Мындан сырткары, бала бакчанын айланасында заманбап үлгүдөгү ойноо аянтчалары да курулган.