Айдоочуларды даярдоонун жаңы 14 айлык прогграммасы тууралуу маалымат
Айдоочуларды окутуу системасын жаңылоо – бул окутуунун сапатын жогорулатууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган реформа.
Жаңы жылдан тарта программа этап-этабы менен ишке ашырыла баштайт. Азыркы учурда долбоор иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу стадиясында турат. Толук маалымат жакынкы убакта коомчулукка сунушталат.
Биринчи кезекте, жаңы система боюнча окутуу 11-класстан тарта жүргүзүлөт. 14 айлык цикл окутуунун бардык мезгилдерин камтып, жол эрежелеринен тышкары айдоо маданияты, жоопкерчилик жана тартип боюнча билимдерди да камтыйт. Жаш жарандар жол кыймылынын катышуучусу катары керектүү көндүмдөрдү толук кандуу өздөштүрө алышат.
Экинчи жагынан, реформа жеке авто мектептериндеги коррупцияны жоюуга багытталган. Бүгүнкү күндө айрым жеке автомектептер акча алуу аркылуу күбөлүк берип, окутууну формалдуулукка айлантып алышкан. Натыйжада жол кырсыктарынын жана жабыркагандардын саны көбөйүп келет.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айтымында, мындай автомектептер системадан чыгарылып, алардын ордуна жаңы мамлекеттик автомектептер түзүлөт.
Жаңы окуу борборлору заманбап техника жана симуляторлор менен жабдылып, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн онлайн окутуу мүмкүнчүлүгү да каралат. Мамлекет тарабынан сапаттуу, ачык-айкын жана коопсуз окутуунун бардык шарттары түзүлөт.
Бул реформанын негизги максаты – мөөнөттү узартуу эмес, айдоочулардын чыныгы билимине, көндүмүнө жана жоопкерчилигине негизделген адилеттүү жана заманбап системаны түзүү.
