Балдар үйүнүн тарбиялануучуларына үстөк төлөм токтотулган. Депутат аны кайра кайтарууну суранды
15 апрель

Балдар үйүнүн тарбиялануучуларына үстөк төлөм токтотулган. Депутат аны кайра кайтарууну суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова балдар үйлөрүндө тарбиячы болуп иштеген жарандарга кошумча төлөм төлөнбөй калганын билдирди. 

Ал эмгек акыны төлөө шарттарын карап чыгууну жана кошумча төлөмдөрдү кайтарууну сунуштады. 

“Бүгүнкү күндө тарбиячылардын эмгеги бааланбай келет. Мурда 25 пайыз үстөк төлөм бар болчу, ал 2022-2023-жылдары жокко чыгарылган. Төлөмдү 2025-2026-жылдары кайтаруу пландалган, бирок ага карабай, учурда үстөк төлөм бир гана мугалимдерге төлөнүп жатат дагы, тарбиячыларга берилген жок”, – деди ал. 

Депутат белгилегендей, тарбиячылар жумасына 6 күн иштешет, майрам күндөрү дагы жумуш ордунда болууга аргасыз, бирок кошумча же үстөк төлөмдөрдү ала алышпайт. Андан сырткары класс жетекчилик үчүн дагы төлөм жок. 

“Тарбиячылар үчүн 25 пайыз үстөк төлөмдү кайтарып, эмгек акыны жумуш убактысына карабай бир жарым ставка өлчөмүндө кайра карап чыгуу зарыл. Класс жетекчилик үчүн дагы төлөм жүргүзүү керек”, – деди ал.