Караколдо 30 миллиондон ашык сомдук балдар бакчасы мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык социалдык инфраструктура объектилерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жалпы аянты 35 сотых бала бакчанын имаратын жана анын аймагын менчиктештирүү учурунда сметалык баасы 30 млн 872 миң сомду түзгөн мыйзам бузуулар аныкталган.
Бала бакчанын имараты жана ага жакын аймактар мурда Каракол шаарынын муниципалитетинин балансында турганы аныкталган. Бирок, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык инфраструктуранын объектилерин ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган объектилер мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын имараты жана анын аймагы ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын муниципалитетинин балансына өткөрүлгөн.
