Бала бакчага ваучер алууга арыз берүү уланууда 
23 июль

Бала бакчага ваучер алууга арыз берүү уланууда 

Ушул жылдын 22-июлуна карата “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасында ваучер алууну каалаган өлкө жарандарынын 514 арызы катталды.

Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 257
  • Ош шаарында – 8
  • Баткен облусунда – 70
  • Жалал-Абад облусунда – 42
  • Нарын облусунда – 4
  • Ош облусунда – 12
  • Ысык-Көл облусунда – 23
  • Талас облусунда – 11
  • Чүй облусунда – 87

Катталган арыздардын 125и канааттандырылды. Бүгүнкү күндө ваучер алуучу 31 бала 10 сааттык режимде иштеген жеке менчик бала бакчага бара баштады. Калган арыздар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан каралып жатат.