Бүгүн Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат
30 июнь

Бүгүн Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

Бүгүн, 30-июнда саат 09:00дө бардык жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик документтерди — 9-класстын окуучулары үчүн негизги жалпы билими тууралуу аттестаттарды жана 11-класстын окуучулары үчүн орто жалпы билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 681, 11-классты 80 540 окуучу аяктоодо.

Иш-чараны уюштуруу жана тартипти сактоо үчүн жоопкерчилик окуу жайлардын администрациясына жүктөлөт.