Манас шаарындагы мектептерге 100 интерактивдүү доска тапшырылды
14 октябрь

Манас шаарындагы мектептерге 100 интерактивдүү доска тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 11-октябрда Манас шаарындагы мектептерге 100 даана интерактивдүү доска тапшырды.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

Камчыбек Ташиев интерактивдүү досканын окуучуларга чоң пайдасы тиерин айтып, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Манас шаарында дагы жаңы 10 мектепке муктаждык бар экендигин айтып, жакынкы үч жыл ичинде бул маселени чечүү аракети жолго коюларын да белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Манас шаарында жалпы 29 мектеп, 31 бала бакча бар.