«Алтын тамга» тестирлөөсү жокко чыгарылды
6 март

«Алтын тамга» тестирлөөсү жокко чыгарылды

Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясын жокко чыгарылды. Тиешелүү буйрукка министр Догдуркүл Кендирбаева кол койду.

«Алтын тамга» тестирлөөсү ыктыярчуу болчу. Аталган тест 2011-жылдан бери өткөрүлүп келген. Аны билимин тастыктоо үчүн артыкчылык аттестат алууга умтулган мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырышчу.