Нарын облусундагы мектептерде «Акыркы коңгуроо» кагылды
Нарын облусундагы 140 жалпы билим берүүчү мектепте 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыкталышына карата «Акыркы коңгуроо» аземи өткөрүлдү.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, быйылкы окуу жылында жалпы 5 696 окуучу 9-классты, ал эми 4 128 окуучу 11-классты аяктап жатышат.
Салтанаттуу иш-чаралар бардык мектептерде коопсуздук эрежелерин сактоо менен уюштурулду.
Окуучулардын жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан көзөмөл жүргүзүлүдө. Мектеп аймактарында коопсуздукту камсыздоо иштерин мектеп жетекчилиги тарабынан дагы көзөмөлдөнөт.
